• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

ТАЖИКСТАНДЫН МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАРЫ ТОКТОТУЛДУ

Автор:ruh_admin

Дек 2, 2021

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек ара тилкесиндеги Тажик тараптын мыйзамсыз курулуштары дароо токтотулду.

Ушул жылдын 30-ноябрында саат 13.00дө Кыргызстан менен Тажикстандын мурдагы келишимине карабастан, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты тилкесинде Тажикстан Сүлүктү – Пролетарск темир жолун бир тараптуу демонтаждай баштаган. Мындан тышкары Тажикстан жарандары чекаранын алы тактала элек тилкесине дагы кадимкидей кирип келишкен. Ошондуктан, аталган аракет Кыргыз УКМКсынын мамлекеттик Чек ара кызматы тарабынан дароо токтотулду. Ошол эле учурда Тажикстандын 30-35 чакты жараны Максат – Арка автоооунаа жолунун жанында кашаанын курулушун баштап жиберишти. Бирок, Кыргызстандын Чек ара нарядынын талабынан кийин гана Тажикстан жаранды кашаанын курулушун токтотушту.

Ошентип, Баткен районунун Ак-Сай Айыл Өкмөтүнө таандык Чек тилкесинде Баткен облусунун тургундары үчүн үйлөрдүн курулушу башталды. Өз ара макулдашууга ылайык Кыргызстандын Көк-Таш калктуу конушунун каршысындагы Тажикстандын Сомониён тилкесинде Тажикстан курулуш иштерин улантууда. Соңку сааттарда Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын атайын өкүлдөрү жолугушуп, эки тарап тең аталган аймактардагы курулуш жараяндарын акыры токтотушту.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс