ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып кичинекей коомдук автоунааларда жол кире акысы 15 сомго көтөрүлдү.
Ош шаардык Кеңешинин депутаттары өткөн аптадагы сессиясында калаадагы маршруткалардын акысын көтөрүү чечимин кабыл алган. Буга ылайык жүргөнчүлөр күндүзү −15 сом, ал эми кечки саат 19.00дөн 21.00гө дейре 20 сом төлөшөт.
Жаңы тариф жаатында азырынча коомчулук арасында нааразычылык байкала элек… Анткени, троллейбус жана автобустардын жол кире наркы эч өзгөргөн жок!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,
Сүрөттөр автордуку.