• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ОШТО АЯЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУК КҮЧӨДҮ

Автор:ruh_admin

Дек 2, 2021

ОШ. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине акыркы он  айда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган 507 учур катталды. Жабыркагандардын 90 пайызы аялдар.

         Ош облустук милициянын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева бул фактылар ачыкка чыкканы гана экендигин моюндады. Анткени, айымдардын басымдуулугу зордук-зомбулукка кабылгандыгын жаап-жашырышат.

  • Милициянын көчмө кабылдамасы менен аймактарды кыдырып,

калктын көйгөйү менен жеринже кеңири таанышып жатабыз. Ошондо үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегишкен аялдардын көп экендиги даана байкалууда. Тилекке каршы, булар «Балдарым бар эле», «Жолдошум менен кайра жашап кетемин» деп зордук-зомбулуктан жабыркаганын эч ачыкташпайт. Биз “Өз укугуңузду коргобойсузбу?” деген учурда дагы милицияга жазган арыздарын кайра кайтарып алышат, — деп агынан жарылды Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева.

         Баса, мыйзам боюнча айымдарга зомбулук жасагандар кылмыштын деңгээлине жараша 5 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөшөт, же эки жылдан өйдө эркинен дагы ажыратылат. Ал эми азыркы мыйзам боюнча үй-бүлөлүк зомбулукту жасаган адамдар Жоруктар жөнүндө Кодекстин негизинде айып пул жазанасына, коомдук жумуштарга дагы тартылышат. Бирок, үй-бүлөлүк бюджетти эске алган жабырлануучулар кайра эле тосмо арыз жазышып, кылмышкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышпай жаткандыгы катуу сынга кабылып келатат. Серепчилер мунун айынан үй-бүлөдө зордук-зомбулук дагыле тыйылбай жаткандыгын айтышууда. Маселен, ушул жылдан 2-декабрынан тартып үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү жаатында жаңы мыйзам күчүнө кирди. Мында Кылмыш жаза Кодексинин негизинде зомбулук жасагандарга жаза абдан катаалдашып, акчалай жазана салынбайт. Маселен, жабырлануучунун денесине жаракат келтирбесе, бир суткадан жети суткага чейин эркинен ажырылат, же коомдук жумуштарга тартылат. Бул кылмыштын деңгээлине жараша аныкталат.

         Эгерде жабырлануучунун денесине анчалык оор эмес жаракат келтирилсе, кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке дагы тартылат. Мында беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми ушул жылдын алты айында 4 393 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, мунун 82 пайызы сотко жетпей кыскартылып кеткен. Ал эми жыл башынан бери онго жакын аял өз жанын кыйган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс