Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / ОШТО 36 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

ОШТО 36 МАС АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

ОШ. Ош облусунун аймагында спирт ичимдигин ичишкен 36 айдоочу кармалып, унаанын айнегин караңгылатып жүргөн дагы 9 айдоочуга атайын протокол түзүлдү.

Ош облусу бонча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Тенгизбаевдин айтымында, акыркы күндөрү облустун аймагында «Жасалма мамлекеттик белги» жана «Карайтылган айнек» аталышындагы рейддер катарынан өткөрүлдү. Бул жүрүштөрдүн маалында жол кыймылын тескөөчүлөр тарабынан Бузуулар жөнүндө Кодекстин негизинде 1 миң 532 айдоочуга карата протокол түзүлдү. Булардын арасынан 36 айдоочу унааны мас абалда башкарып жүрүшкөндүгү биротоло тастыкталды.

— Жанында тийиштүү документтери жок унаа башкарышкан 46

айдоочунун унаалары дароо айып короосуна токтотулду. Унаанын алдыңкы айнегин караңгылатып жүргөн 9 айдоочуга карата протокол толтурулду. Учурда мындай рейддер дагыле улантылууда, — деп кошумчалады Ош облусу бонча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Тенгизбаев.

Ош облусу бонча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү автожол кырсыктарынын алдын алуу жана мындайлардын санын ого бетер азайтуу максатында жоголрудагыдай рейддерди тынымсыз өткөрүп келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс