• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА БИР ҮЙ БҮТҮНДӨЙ ӨРТТӨНДҮ

Автор:ruh_admin

Дек 2, 2021

ОШ. Ош шаарына караштуу Крупская көчөсүндөгү турак жай бүтүндөй өрткө чулганды. Тутанган жалынды өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш өрт өчүрүүчүсү тартылды.

         Ошентип, 350 квадрат метр аянтты ээлеген үй бүтүндөй күйүп кетти. А түгүл жалын ушу көчөгө туташ Атабаева көчөсүндөгү турак жайга дагы өткөн. Мунун кесепетинен акыркы көчөдөгү 50 метр квадрат өлчөмүндөгү сарайдын чөп-чары бүт өрттөндү.

         Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистешкен өкүлдөрү ушул тапта өрттүн чыныгы себептерин ар тараптан териштирип жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс