Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / ООГАНСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН МАҢЗАТТЫ ТАШЫГАН АДАМ ТОКТОГУЛДА КАРМАЛДЫ

ООГАНСТАНДА ӨНДҮРҮЛГӨН МАҢЗАТТЫ ТАШЫГАН АДАМ ТОКТОГУЛДА КАРМАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. Ички иштер министрлиги Ооганстанда байма-бай өндүрүлгөн маңзаттарды ташып соодалаган деген күмөн менен бир адам кармалгандыгын ачыктады.

         Маалыматка караганда, ушул жылдын 23-ноябрында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы “Тойота Ист” автоунаасынын багажынан эки сумканын ичинен скотч менен оролгон 9 таңгакты жана бир баштык шектүү затты тапкан. Бул заттардын жапайы өскөн кара куурайдай (Ооганстанда өндүрүлгөн “чаңча”) өзгөчө жыты байкалган. Атайын экспертизанын жыйынтыгында ал 10 килого жакын каннабис чайыры (гашиш) экендиги аныкталды. Ошондуктан, кармалган М.Н. аттуу адам Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кылмыш иши Жазык Кодексинин “Сатып өткөрүү максатында маңзат каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренесинин негизинде тергелүүдө. Ички иштер министрлиги ушуну менен Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы маңзаттарды ташуу жана соодалоо каналына бөгөт коюлгандыгын, ушул тапта бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды дагы аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын шардана кылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс