• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ТАЖИКСТАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЧ ЖАРАНЫН МЕКЕНИНЕ КАЙТАРДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 1, 2021

БАТКЕН. Тажикстандын аймагында кармалып турушкан Кыргызстандын үч жараны Мекенине кайтарылды. Дагы үч Кыргыз жараны жакынкы күндөрү Ата Журтуна жеткирилет. Бул жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМКга) караштуу мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.

         Баса, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында УКМКнын мамлекеттик Чек ара кызматынан өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен жолугушту. Мунун жыйынтыгында Тажикстанда кармалып турушкан кыргызстандыктарды Мекенине кайтаруу жагы макулдашылган. Тараптар Кыргызстандын аймагында кармалган эки Тажик жаранын кайтаруу боюнча дагы келишишти. Маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушууда мындан тышкары Борбордук — Арка (Худжант — Канибадам) жолунун боюндагы курулуштарды токтотуу маселеси дагы кызуу көтөрүлдү. Тажик тарап өздөрүнүн жарандары тарабынан жол жээгиндеги курулуштарды токтотуу чаралары көрүлөөрүн убадалады. Ошондой эле Сүлүктү — Пролетарск темир жолун бузуу боюнча Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчин районунун жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүү туурасында сөз жүрдү.

         Ушул тапта Тажикстанда чек араны «Мыйзамсыз кесип өтүшкөн» деген негизде Кыргызстандын ондой жараны кармалып турушат. Алардын арасында Тажикстанга Жерге-Тал жана Мургаб райондорундагы туугандарынан кабар алуу максатында барышкан Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган. Тажикстандын Жийделик айылында жашаган бир нече Кыргыз жараны дагы кармалган. Баткен облусуна караштуу Лейлек райондук соту Тажик тектүү үч Кыргыз жаранын 15 жылга эркинен ажыраткан. Алар быйыл жаздагы куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналып камалган эле. Айып тагылгандардын жакындары жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыла тургандыгын айтышкан.

         Ошентип, эки өлкөнүн укук коргоо органдары чек арадагы окуяларга байланыштуу айыпталган жарандарды экстрадициялоо боюнча Орусияга өтүнүч келтирген учурлар дагы бар. Ушул айдын башында Орусияда Кыргызстандын суранычынын негизинде кармалган Тажик жана Орус жараны Диловар Жураев камактан бошотулду.

         Баса, быйыл 28-апрелден 1-майга чейин Кыргыз-Тажик чек арасында жүргөн куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 киши каза тапкан. Дагы 180ден ашуун адам түрдүү даражада жараланган. Жалпысынан 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер дагы өрттөлүп, талкаланган. Ал эми Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө аталган жаңжал үчүн бири-бирин айыпташып, а түгүл кылмыш иштерин дагы козгошкон.   

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс