• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ТАЛАПКЕР ШАЙЛООБЕК АТАЗОВ №8-ТӨЛӨЙКӨН ШАЙЛОО ОКРУГУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН СОТКО БЕРЕТ

Автор:ruh_admin

Дек 1, 2021

ОШ. Оштогу бир мандаттуу №8-Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңеш шайлоосуна катышкан Шайлообек Атазов добуш берүүнүн жыйынтыгына абдан нааразы экендигин билдирди. Ошондуктан, ал аталган округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сотко даттанаарын дагы ачыктады.

  • Оштогу Төлөйкөн №8-бир мандаттуу шайлоо округу боюнча

Жогорку Кеңештин шайлоосу одоно мыйзам бузуулар, анан дагы ыплас технологиялар менен коштолду. Бул жөнүндө менин колумда жетишээрлик видео жана аудио фактылар бар. Атаандаштарым элибиздин аруу тилектерин каалагандай тебелеп-тепселешти. Мага добуш беришкен 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн акырына дейре күрөшөм! — деди Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депататы Шайлообек Атазов.

Шайлообек Атазов ошондой эле аталган округдагы шайлоо тилкелеринин баарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайрадан санап чыгууну талап кылаарын дагы кошумчалады. Ал ушул тапта Оштун борбордук аянтына чыгабыз деп турган тарапкерлерин тыйып, маселени мыйзамдуу жолдор менен чечүүгө гана аракет кылып жаткандыгын  кошумчалады. Анткени, Оштогу бир мандаттуу №8-Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин мурунку вице-спикери Нурбек Алимбеков алдыга озгон.

         Бул арада Президент Садыр Жапаров нааразы болгон партияларга жана тараптарга кайрылып, бюллетендерди кол менен санап чыгууга катышууга чакырды. Эгерде дооматтар далилденсе, мамлекет башчысы Боршайкомдун мүчөлөрү катарынан мыйзам чегинде жоопко тартылаарын дагы катуу убадалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс