• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Автор:ruh_admin

Дек 1, 2021

Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.

«Бийлик буларды таап камабаса, шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт. Менин оюмча мындай коркутуп-үркүтүүлөр мындан кийин да күчөйт», — деди Текебаев.

Саясатчыга үч кичи автобус менен 70ке жакын адам барганы айтылды. Өмүрбек Текебаев муну саясий ишмердиги менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого «Ата Мекен» партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Укук коргоо органдарынан комментарий боло элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Твиттерге» «Кыргызстанда саясий куугунтукка орун жок» экенин жазды. (BTo)

https://www.azattyk.org/a/sayasatchy-oemuerbek-tekebaevge-kol-saluu-boldu/31588502.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс