• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

ОШ ЖЕРГЕСИНДЕ МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРДЫ КОЛДОО БОЮНЧА БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор:ruh_admin

Дек 1, 2021

ОШ. Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси аркасында Араван районунда жашап жатышкан майып жарандар үчүн майрамдык салтанат уюштурулду.

Аталган иш-чарага 200дөн ашуун жаран катышып, алар үчүн Надыр Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан даярдалган жомок, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан беленделген “Буратинонун жоруктары” шоу программасы жана концерттик номерлер катарынан тартууланды. Ошондой эле катышуучуларга атайын даярдалган белек-бечкектер дагы тапшырылды.

Белгилей кетээрибиз: ар жыл сайын 3-декабрь — майыптыгы бар адамдардын Бүткүл Дүйнөлүк күнү сыңары белгиленип келатат. Ушуга байланыштуу Ош облусунда майыптыгы бар жарандарды колдоо боюнча бир айлык иш-чараларды өткөрүү планы бекитилип, дароо ишке киришти.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс