• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН  ЖЫЙЫНТЫГЫНА МАКУЛ ЭМЕС!

Автор:ruh_admin

Дек 1, 2021

Рубрика: Өз кабарчы маалымдайт

ОШ. “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы Жогорку Кеңеш шайлоосундагы добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгы менен таптакыр макул эмес! Бул жөнүндө аталган саясий уюмдун жолбашчысы Мелис Мырзакматов өзү жар салды.

  • Заматта эле шайлоонун жыйынтыктары ушунчалык ыкчам өзгөрүп

кетти. Бул шайлоочуларды таптакыр сыйлабагандык, а түгүл укугун анык эле бузгандык! 28-нобярда саат 20:46да БШКнын сайтынан добуш берүүнүн жыйынтыгын караганда, “Улуттар Биримдиги” элдик партиясы 47074 миң добуш алган. Бул дээрлик 4,65 пайызды түздү. Ошол эле учурда 14.00гө жакын автоматташтырылган башкаруу системасы иштетилбей калган. БШКнын сайты иштебей калып, негедир саат 21:20да гана кайрадан ишке киришти. Ошентип, бул арада добуш берүүнүн көрсөткүчү кескин түрдө өзгөрдү. Биздин добушубуз 29 387 добушка ылдыйлатылды. Бул, демек, 2,47 пайызды түзөт. А уурдалган 17 687 добушубуз кайда? Бул бийликке биздин нукура добуштарыбызды минтип өзгөртүүнүн мынчалык эмне кажети бар эле?!? — деп тызылдады “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын жолбашчысы Мелис Мырзакматов.

         Баса, мындан тышкары Мелис Мырзакматов бүгүнкү бийлик, айрыкча президент Садыр Жапаров бүтүн дүйнө таң кала турган таза шайлоо өткөрөбүз деп убада бергендигин, тескерисинче, азыр дүйнө таң кала турган ыплас шайлоо өткөндүгүн дагы кошумчалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс