• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

АҢ-СЕЗИМ

Автор:ruh_admin

Ноя 30, 2021

Өзүм айылдыкмын. Бирок, шаардыктарда аң-сезим жогору экен. Анткени, билимдүүлөр көп. Биринчи май жана Свердлов райондору “баарына каршы” добуш берип, бир мандаттуу эки округдун шайлоосун жокко чыгарды. Ал эми Октябрь району, акчага сатылбай, Дастан Бекешевди шайлашты. Ленин районундагы шайлоонун жыйынтыгы — ошол райондун жашоочуларынын деңгээлине жараша болду. Ал жакта айылдыктар көбүрөөк окшойбуз)) (тамаша)

Эгерде, региондордун жашоочулары да бишкектиктердей добуш берсек, анда жыйынтык такыр башкача болмок. Өткөн чакырылыштын белгилүү “каармандары” кайрадан шайланмак эмес. Олигархтар, коррупционерлер шайланмак эмес.
Бирок, региондун жашоочулары бул үчүн күнөөкөр эмес. Анткени, жашоо деңгээли төмөн, билим алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе. Андай элди ар-түрдүү амал менен имерип алышууда. Мисалы, алар үчүн азык-түлүк, көмүр, жол, көпүрө, мечит, а кээде ооругандарга көмөк баарынан керектүү нерселер. Ким ошолорду аткарып берсе — ошону колдой беришет. А чындыгында, ал нерселерди Өкмөт аткарып бериши керек. Ошондуктан анын аты — аткаруу бийлиги. Элдин жашоосу туурасында кам көрүү — бийликтин милдети!
Ал эми ЖКтин депутаты жол курбайт, мектеп салбайт! Депутат — мыйзам чыгарат жана мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөйт.
Эл караңгы болсо, тандоосу да караңгы болот экен…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс