• Чт. Дек 1st, 2022

Популярные метки

Э. БАЙСАЛОВ: “ӨНҮККӨН, КҮЧТҮҮ МАМЛЕКЕТТИ КУРУУДА БИЛИМДҮҮ ЖАШТАРЫБЫЗДЫН ОРДУ ӨЗГӨЧӨ!”

Автор:ruh_admin

Ноя 29, 2021

БАТКЕН. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы социалдык обьектилердин ал-акыбалы менен жеринде таанышты.

Бул сапар вице-премьер-министр Эдил Байсалов Баткен олустук гимназия жатак мектебине баш бакты.

  • Өлкөбүздүн уелечеги – билимдүү жаштарда. Биз жаңыча жана

заманбап ой жүгүрткөн, дүйнө элин таң калдыра турчу жаштарды тарбиялашыбыз кажет! Муну үчүн билим берүүнүн сапатын дагы өзгөртүү абзел. Мындан ары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулмакчы. Өнүккөн, күчтүү мамлекетти курууда билимдүү жаштарыбыздын орду чоң! — деп баса белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары. Эдил Байсалов.

Өзүнүн имараты жок, тойканада ижара төлөп иштеп келе жаткан Баткен облустук китепканасына барып, ал жердеги көйгөйлөр менен дагы кеңири таанышты.

  • Китепкана — бул куттуу жер. Буга чейин ушундай куттуу жерлер көз

жаздымында калып, таптакыр көңүл бурулбай келгендиги чындык! Эми андай болбойт. Президентибиз жана Министрлер кабинетинин төрагасы дагы социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурууну тапшырып жатат. Биз жакыр өлкөбүз деген синдромдон баш тартып, өз күчүбүз менен калкка мамлекеттик тейлөө көрсөтүүчү, адамдар өз дараметин өстүрүүчү жайларды курабыз! – деп чырылдады Эдил Байсалов.

Ушундан соң Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, ал жерде иштеп жаткан жамаат менен дагы жолугушуп, алардын ой-пикирин тыңдады.  Өкмөт мүчөсү жолугушуу учурунда Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болгондугун, бийлик тараптан облустун потенциалын көтөрүү үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс