• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

АЛАЙДА ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАР БИРИНЧИ  ИРЕТ ДОБУШ БЕРИШТИ

Автор:ruh_admin

Ноя 29, 2021

ОШ. Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу Айыл Өкмөтүндө жашап жатышкан памирлик кыргыздардын жалпы жонунан 37си шайлоочулар тизмесине катталган. Бул жөнүндө аталган Талды-Суу Айыл Өкмөтүнүн башчысы Турусбек Таев кабарлады.

Турусбек Таевдин айтымында, Памирден көчүрүлгөн кыргыздардын 25 эркеги жана 12 аялы шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Булардын ичинен 12 эркек, 11 аял 28-ноябрда №5119-Талды-Суу шайлоо тилкесине келишип, кадимкидей добуш беришти. Калган 14 шайлоочу дагы кечке маал добуштарын таштаганга үлгүрүштү.

Айтмакчы, Алай районунун эң алыскы Талды-Суу Айыл Өкмөтүндө эки шайлоо тилкеси уюшулган. №5119-Талды-Суу шайлоо тилкесинде 991 шайлоочу болсо, ал эми №5120-Арча-Булак шайлоо тилкесинде 263 шайлоочу катталган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс