• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Жалал-Абадда көмүрдүн 1 тоннасы 4 миң сомдон сатылып жатат

Автор:ruh_admin

Ноя 27, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түгөлбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр түшүрүлдү.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков көмүр жеке ишкерлер менен сүйлөшүү аркасында гана Таш-Көмүр шаарынан түз алып келингендигин, базар баасынан 3 сомго чейин арзан экендигин моюндады. Ошондой эле калаа башчысы көмүрдүн сапатын жана дагы элдин-суроо-талабын билүү максатында бул сапар адегенде  азыраак көлөмдө буюртма берилгендигин жашырган жок.

Ошентип, көмүр Жалал-Абад шаарынын тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Жергиликтүү жетекчи Эрнисбек Ормоков муну көмүрдүн жарандардын баарына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ортомчулар дүңүнөн алып, кайра элге кымбат баада сатуусунун алдын алуу максатында көрүлгөн гана аргасыз чара экендигин жашырган жок. Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн күнү-түнү ташылып турат.

Белгилей кетээрибиз: Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10 миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80 пайызы  жеткирилди. Ал эми социалдык мекемелер 100 пайыз “кара алтын” менен толук кандуу камсыз этилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс