Четверг , 20-Январь 2022
Башкы бет / Досье / ЭҢ АРЗАН КӨМҮР НООКАТТА САТЫЛУУДА

ЭҢ АРЗАН КӨМҮР НООКАТТА САТЫЛУУДА

ОШ. Ош облусуна караштуу Ноокат районуна тээ Өзгөн районундагы карьерлерден көмүр алынып келип, 1 тоннасы 3 миң сомдон сатылып жатат. Бул жөнүндө аталган райондун мамлекеттик акимчилигинен билдиришти.

Ошентип, жүк ташуучу унаа менен 488 тонна көмүр түшүрүлүп, ар бир айылда калктын аярлуу катмарына 3 сомдон ашпаган баада гана сатыла баштады. Ноокат районуна 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилдерине 70 миң 766 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагы 1 миң 661 тонна, билим берүү тармактары 620 тонна, кесиптик билим берүү мекемелери 95 тонна, маданият тармагындагы мекемелер 18 тонна көмүр менен камсыз ңтилди. Тактап айтканда, 100 пайыз көмүр менен камсыздалды.

Ноокат районуна жалпы жонунан 57 миң 880 тонна көмүр алынып келип, көмүр менен камсыздоо 94,7 пайызды түздү. Ушул тапта райондун аймагында жалпы 14 жайга көмүр сатуучу базалар ачылып, ушул күнгө чейин 1934 тонна көмүр түшүрүлдү. Мунун ичинен 1552 тоннасы 5 сомдон аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатылды. Бүгүнкү күнгө карата 5 сомдук көмүрдүн 382 тонна кору бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс