Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / БАТКЕНДИН БАШЧЫСЫ КӨЙГӨЙҮ КУРЧ КӨК-ТЕРЕКТИ КЫДЫРДЫ

БАТКЕНДИН БАШЧЫСЫ КӨЙГӨЙҮ КУРЧ КӨК-ТЕРЕКТИ КЫДЫРДЫ

БАТКЕН. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу `Өкүлү Абдыкарим Алимбаев аймактагы Көк-Терек айылынын жашоочуларынан турму-шарты менен жеринде таанышты. Ошондой эле облустун башчысы жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстандан көчүп келишкен этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандык паспортун дагы тапшырды.

Жолугушуу маалында жергиликтүү жашоочулар негизинен таза суу, көчөлөрдү жарыктандырууда, жарандардын паспортун, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана башка документтерди алууда маселе жаралып жаткандыгына даттанышты.

Соңунда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу `Өкүлү Абдыкарим Алимбаев Көк-Терек айылындагы жаңы курулган үйлөрдүн жылуулугу жана жашоочулардын жашоо-шарты менен кеңири таанышты. Ушул тапта аталган айылдын жашоочулары үчүн жалпысынан 18 үй салынып тапшырылды. Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстандан көчүп келишкен этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандык паспорттору дагы тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс