Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / БАТКЕН ОБЛУС БАШЧЫСЫ АК-ТАТЫР АЙЫЛЫНДАГЫ ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУП, МУҢ-ЗАРЫН ТЫҢДАДЫ

БАТКЕН ОБЛУС БАШЧЫСЫ АК-ТАТЫР АЙЫЛЫНДАГЫ ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУП, МУҢ-ЗАРЫН ТЫҢДАДЫ

БАТКЕН. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Татыр айылында жансактап жатышкан этникалык кыргыздар менен жолугушту. Бул атайын кездешүүгө тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, Бишкек шаарынан жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери, ошондой эле кошуна Тажикстан жана Өзбекстандан көчүп келишкен этникалык кыргыздар дагы катышышты.

Адегенде этникалык кыргыздар менен кенен-чонон баарлашууда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Элиза Эсеналиева жетектеген калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери тарабынан түшүндүрүү жараяны жүргүзүлдү. Мындан тышкары документтерди кабыл алуу менен чечилбеген маселелер боюнча этникалык кыргыздардын суроолоруна дагы дароо эле жооп кайтарышты.

Баса, дал ушул тапта Баткен облусуна жалпысынан 562 этникалык кыргыз жайгаштырылган. Булардын арасынан 274 адам Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерин тапшырып, бүгүнкү күндө 91 киши жарандыкка татыды.

Кошумчалай кетчү жагдай: Баткен райондук калкты тейлөө борборунда атайын этникалык кыргыздар үчүн маалымат, кеп-кеңеш берүү борбору жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу максатында атайын бекет дагы  ачылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс