Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / ОШТО ЖУМУШЧУЛАР МАЯНАСЫН ЖОГОРУЛАТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

ОШТО ЖУМУШЧУЛАР МАЯНАСЫН ЖОГОРУЛАТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

ОШ. Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жумушчулары маянасын токтоосуз түрдө жогорулатууну жетекчилигинен абдан катуу талап кылып жатышат.

Нааразычылык акциясына катышкан жумушчулардын айтымында, алар таң ата электе ишке чыгышып, бирок, күн батканда гана үйлөрүнө араң кайтышат. Ошондо деле булардын айлап тапкан маянасы өтө эле аз. А түгүл күнүмдүк кем-карчын бүтөгөнгө дагы жарабайт. Эгерде ишкана директору Жалил Осмонов бул кендирди кескен көйгөйдү чукул арада жайгарбаса, алар Ош шаарынын мэрине жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасына деле кайрылышаарын улам-улам эскертишүүдө.

Ал эми Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинатынын жетекчиси Жалил Осмонов ишкана жумушчуларынын айлыгын көтөрүү жөнүндө Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун кабары бар экендигин, буюрса, маселе  оң жагына жайгарылаарын убадалап, жумушчуларын жолго салды…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс