• Пн. Авг 15th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА КИЧИ АВТОБУСТАРДЫН ЖОЛ КИРЕСИ 15 СОМГО ЧЕЙИН ЖОГОРУЛАДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 26, 2021

ОШ. Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда кичи автобустарга болгон тарифти көтөрүү маселеси дыкаат каралды. Кезексиз сессияга калаа мэри Алмаз Мамбетов, шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышышты.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, автоунаа тетиктеринин кымбаттагандыгына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартышкандыгын, ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралгандыгын акыры ачыктады. Ош шаардык Кеңешинин депутаттары кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди үстөккө-босток көтөрүштү.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен Ош шаарында кичи автобустарга болгон төлөм күндүзү 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулатылган жок. Белгиленгендей, жаңы тариф 1-декабрдан тартып толук кандуу күчүнө кирмекчи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс