• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗСТАНДАН ӨЗБЕКСТАНГА МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫЛЫП БАРАТКАН ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ

Автор:ruh_admin

Ноя 26, 2021

БАТКЕН. УКМКга караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чек ара отрядынын өкүлдөрү жана чекисттер тобу ири өлчөмдөгү аткезчилик жүгүн дагы колго түшүрүштү.

УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчылыгынын маалыматына караганда, Баткен облусунун Кадамжай районунда Айдаркен чек ара отрядынын өкүлдөрү жана чекисттер тобу Chevrolet Spark автоунаасынын ичинде сүйлөшүп олтурушкан Кыргыз жараны К.Р. ды жана Өзбекстан жараны С.А. ны дароо кармашты. Анткени, бул экөө жең ичинен өз ара макулдашып, чек ара тилкесин айланып Кыргызстандан Өзбекстанга беш чоң кутучага баткырылган 380 таңгак дары-дармекти эч кандай документсиз алып өтүүгө далбаса жасашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган Кыргыз жараны К.Р. жана Өзбекстан жараны С.А. аткезчилик жүктөрү менен  кошо тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Алардын мындан аркы тагдыры эми жергиликтүү милиция тарабынан гана бир жаңсыл чечилмекчи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс