Ялда Хаким
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ялда Хаким Афганистандан 1980-жылдары кеткен

Би-Би-Синин теле алып баруучусу Ялда Хаким Афганистанда төрөлгөн. Анын үй-бүлөсү 1980-жылдары, совет баскынчылыгы учурунда, өлкөдөн качып кетишкен. Бирок андан бери Ялда Хаким журналист катары Афганистанга бир нече жолу барып, маалымат чыгарып турган. Талибан 100 күн мурда бийликке келгенден бери ал кайрадан өлкөгө биринчи жолу кайтып барды.

Талибан августта бийликке келгенден бери биринчи жолу туулган мекениме кайтып барарым менен көптөгөн суроолорго жооп издеримди билгем.

Талибан Батыш колдогон өкмөттү кулаткандан бери өлкө канчалык өзгөрдү? Афган эли көптөн бери эңсеген тынчтыкка жете алабы? Талибдердин жаңы эрежелеринен улам коомдук жашоодон сүрүлүп чыгарылган аялдар менен кыздардын келечеги кандай болот?

Бирок өзүмө бир суроону береримди алдын ала билген эмесмин. Күн сайын, апта сайын, азапка салган ай сайын эч акы албай жумушка баруу үчүн канча күч керек?

Мен дал ушул нерсеге күбө болдум. Кандагардагы медицина кызматкерлери болобу, Кабулдагы ооруканада тазалагыч болуп иштегендерби, айтор өкмөт кулап, чет элдик жардам токтоп калгандан бери Афганистандагы мамлекеттик саламаттык сактоо тармагында иштегендердин эч бирине айлык акы төлөнө элек.

Эч нерсеге карабастан алар жумуштарына барып, өздөрү түпсүз ордун кырына жакындап калса да, аргасы түгөнгөн калкка кам көрүүдө.

Насрин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан бийликке келгени медицина кызматкерлери айлык акыларын ала элек

Насрин борбор шаар Кабулда жайгашкан Индира Ганди атындагы балдардын ооруканасында тазалык кызматкери.

“Эгерде ишке келбесек, бул наристелер өлүп калат. Аларды кантип таштап кетебиз?” — дейт ал мага.

Бейтаптардын көпчүлүгү жакшы тамактанбагандыктан алсыз. Аларга инфекция жугуп калбоосу үчүн бөлмөнү таза кармоо керек.

Насрин транспортко төлөгөнү акчасы жок экенин айтат. Ошондуктан ал жумушка жөө келет. Жөө дегенде, тоо боорунан төмөн көздөй басып, 12 сааттык нөөмөттөн кийин кайра жогору көздөй чыгат.

Бирок медицина кызматкерлеринин абалы канчалык оор болбосун алар караган бейтаптардын шарты андан беш бетер начар.

Бириккен Улуттар Уюму билдиргендей, 23 млн афган ачарчылыкка туш болгон. Калктын 95 пайызынын жетиштүү азык-түлүгү жок.

Насрин тазалап караган бөлмөлөрдө кризистен жабыр тарткан эң жаш тургундар жатат. Үч жаштагы Гүлнара аябай алсыз болгондуктан көзүн ачканга да шайы жок. Анын чачтары түшүп жатат. Ал ойгонгондой болгондо оорусунан ыйлайт.

Афганистандагы ачарчылыктын жаш балдарга тийген кесепети мына ушундай.

Афган жаш балдар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым жаш балдар ачарчылыктан жабыркоодо

Талибандын өкүлү Сухаил Шахин жаралган кырдаал үчүн эл аралык коомчулукту күнөөлөдү. Батыштын аракеттеринен улам афган элинин башына мүшкүл иш түшкөнүн ал мага айтты.

“Эгерде алар бул өлкө кыйроону, ачарчылыкты, гуманитардык кризисти көздөй баратат деп айтып жаткан болсо, анда бул боюнча чара көрүү, мындай трагедиянын алдын алуу үчүн тиешелүү аракет кылуу алардын жоопкерчилиги”.

“Адам укуктары жөнүндө сөз кылган эл аралык коомчулук жана башка мамлекеттер… алар Афганистандагы гуманитардык кризиске алып барган кадамдарды токтотушу зарыл”, — деп кошумчалайт ал.

Ким күнөөлүү экени боюнча анын оюна кошуласызбы же жокпу, көптөгөн байкоочулар бул көйгөйдү чечүүнүн жолу эл аралык каржылоодон келет деп эсептейт.

Айрыкча өлкө экономикасына эле көз чаптырсаңыз, бул түшүнүктүү боло баштайт. Качан эл аралык жардам токтогондо, экономика урап калды.

“Мен кыш бышырган жерде иштечүмүн”, — дейт мага жалданма жумушчу болуп көчөдө күтүп отурган бир эркек киши. “Ал кезде менин айлыгым 25 миң афгани ($270) болчу. Азыр айына 2 миң ($22) дагы таба албай калдым”.

Анын төрт баласы тең үйдө ооруп жатат. Дары-дармек алууга анын акчасы да жок.

“Эч кандай келечегимди көрбөй турам. Кедей үй-бүлөлөрдүн келечеги жок”, — деди ал мага. (EA)

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cd316y5w901o