Четверг , 20-Январь 2022
Башкы бет / Досье / “АТА ЖУРТ — КЫРГЫЗСТАН” ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУ САКТАП КАЛА АЛБАЙТ!

“АТА ЖУРТ — КЫРГЫЗСТАН” ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУ САКТАП КАЛА АЛБАЙТ!

ОШ. “Азаттык”, “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги” Жогорку Кеңештин шайлоосунда жеңишке жетишпесе, Кыргыз парламенти бир дагы опппозициясыз калат, эй!

  • Көрдүңүздөр го, “Биримдик”, “Мекеним — Кыргызстан” мурунку

президентибиз Сооронбай Жээнбековду сактап кала албагандай эле, ушул жылдын 28-ноябрындагы Жогорку Кеңеш шайлоосунда дагы “Ата Журт — Кыргызстан” жана “Ишеним” партияларынын жеңиши президент Садыр Жапаровдун бийлигин таптакыр сактап кала албайт! – деп агынан жарылды мамлекеттик жана коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев. – Анткени, аталган акыркы эки партиядан шайланышкандар эртедир-кечтир Кыргызстандын экономикасына жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратышат. Анда кантебиз, эй?

         Кантмек элек, Төлөгөн мырза? Кыргызстанда көндүмгө айланбадыбы, дагы бир ирет төңкөрүш жасалып, Бийлик дагы алмашылат. Бирок, ушинтип бир орунду таптап, эч өйдөлөбөй, анан дагы таптакыр өнүкпөй жүрө беребизби?!?

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс