Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / АНКЛАВГА АЙЛАНГАН АЛМАЛЫК

АНКЛАВГА АЙЛАНГАН АЛМАЛЫК

ОШ. Алмалык айылы Ош облусунун Ноокат районунан Ош шаарынын карамагына биротоло өткөрүлгөндүгүнө мына жарым кылымга аяк басты. Ошого карабастан кыштак калкы эмдигиче жетиштүү даражада каралбай келатат.

  • Биздин анклавда 365тен ашуун шайлоочубуз бар. Жогорку Кеңеш

депутаттыгына аттанышкан партиялардын жана талапкерлердин бири дагы айлыбызга эмдигиче бир басып келип, биздин ал-акыбалыбызды сураштырып, анан дагы муң-зарыбызды тыңдаган жок! – деп ыйлактады Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын башчысы Кудайберди Маматов. – Бизди Ноокат районунан ажыратып, мобул Ош шаарына кошушкандан бери, чындыгында, биз, алмалыктыктар эч нерсеге жарый элекпиз. Шаардын карамагында туруп таза сууга дегеле жетинбедик. А отун-суу дагы өзүнчө проблема! “Шаардыктар” деген эле атыбыз бар. Жадагалса, калаадан биздин жаман кыштагыбызга түптүз же автобус, же кичинекей маршрутка дагы каттабайт. Таза курудук, эй!

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы кадимки анклавга айланган  Алмалык айылына бир күн баш бакса, нукура көйгөйдү элдин өз оозунан тыңдап, чоң соопко калат эле…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс