Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / ЖАЛАЛ-АБАДДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАРАТА САПТЫК КАРООДОН ӨТКӨРҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО КАРАТА САПТЫК КАРООДОН ӨТКӨРҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында Жалал-Абад облустук милиция кызматкерлери Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин катышуусунда саптык кароодон өткөрүлдү.

Ошентип, Жалал-Абад облустук милициясынын борбордук аппаратынын, ИИМдин “Шумкар” полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн, шаардык күзөт кызматынын өздүк курамы үчүн шайлоо күнүнө карата нускама берүү боюнча горнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Иш-чарада ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев өздүк курамга министрликтин талаптарын так жеткирип, бир топ тапшырмаларды коюу менен бирге үгүт иштерине тапатакыр кийлигишпей, бөлүнгөн шайлоо тилкелериндеги мыйзамдуулукту гана бекем сактап, коомдук тартипти тыкыр көзөмөлдөө зарылдыгын баса белгиледи. Мындан тышкары саптык кароодо президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, милиция кызматкерлерине шайлоо учурунда кызмат өтөөдө шарттар түзүлгөнүн белгилеп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо аткарып жаткан жумуштардын жыйынтыгы зор экендигин баса айтып, терең ыраазычылыгын дагы билдирди.

Иш-чаранын соңунда милиция кызматкерлерине атайын нускамалар дагы таратылып, алар шайлоо тилкелерине бөлүштүрүлүп, өздүк курам катарынан салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. Белгилей кетчү жагдай: Жалал-Абад облустук милициясы 25-ноябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Ал эми облус аймагындагы 450дөн ашык шайлоо тилкелеринде фискалдык органдар менен биргеликте 1 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти туруктуу көзөмөлдөшмөкчү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс