• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

USAID МУГАЛИМДЕРГЕ ЗАМАНБАП ЭЛЕКТРОНДУК ПЛАНШЕТТЕРДИ ТАРТУУЛАДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 25, 2021

БИШКЕК. АКШнын USAID (Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги) Кыргыз Республикасы боюнча 1,6 миңден ашык мектептерге жана тийиштүү райондук жана

шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө заманбап электрондук планшеттерди тапшырды. Бул планшеттер USAIDдин “Окуу керемет!” долбооруна катышышкан мектептердеги агартуучуларга окутуу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоону жакшыртуу үчүн пайдалуу ресурстарды, ошондой эле заманбап тиркемелерди ичине камтыйт.

— Окуу жана математика — көндүмдөрү өмүр бою билим алуунун жана XXI

кылымдын экономикасында ийгиликке жетүүнүн башкы пайдубалы! — дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит Симмонс. – Ошондуктан, биз Кыргыз республикасы боюнча 1,6 минден ашуун мамлекеттик мектептерде он миңдеген башталгыч класстардын мугалимдери менен бул эки сабакты окутууну жакшыртуу максатында туруктуу иш алып баруудабыз.

Баса, аталган планшеттер аркылуу кыргызстандык мугалимдер өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн көптөгөн усулдук материалдарга дагы даңгыр жол ачат. «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында адабий окуу жана математиканы окутуу ыкмалары боюнча модулдар, окутуу жана стратегияларды колдонуу боюнча сунуштарды камтыган кыскача видео-сабактар жана өлкөнүн ар аймагында эмгектенген кесиптеш мугалимдер жана эксперттер иштеп чыккан сабактар дагы иштелип чыккан.

Маселен, Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Токтоян айылында жашаган башталгыч класстардын мугалими Гүлбарчын Куялиева планшетте окуучулардын окуп-үйрөнүү жетишкендиктерин баалоого жардам берген “BaalooApp” тиркемесин колдонуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө ыраазы экендигин моминтип билдирди: — Мурда биз окуучунун жетишкендиктерин баалоо боюнча тапшырмаларды өзүбүз гана иштеп чыкчубуз. Ал эми көп учурда алар кол менен жазылган иштелмелер эле, баалоонун жыйынтыктарын дагы өз алдыбызча талдайт элек. Азыр болсо, планшетте бир нече баскычтарды басып окуучуларыбыздын билим деңгээлин көрө алабыз. Бул абдан сонун нерсе!

Ошентип, BaalooApp тиркемесинен тышкары, планшеттерде мугалимдерге ментордук колдоо көрсөтүү боюнча “SabakApp” тиркемеси дагы толук жүктөлгөн. Бул тиркеме менторлорго мугалимдердин сабагына байкоо жүргүзүүгө жана анын негизгинде өз ойлорун жана сын-сунуштарын берүүгө дагы зор мүмкүнчүлүк жаратат.

АКШнын USAID Уюмунун (Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин) “Окуу керемет!” долбоору башталгыч класстарда адабий окуу жана математика сабактарын окутуу сапатын жогорулатууга гана багытталат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ырааттуу түрдө жүзөгө ашырылат. Долбоор окуучуларды сапаттуу кошумча окуу материалдары менен дагы камсыз кылат, ошондой эле ар бир бала үчүн билим берүү сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз кызматташат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс