Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / Ошто арзан көмүр сатылууда

Ошто арзан көмүр сатылууда

ОШ. Ушул жылдын 24-ноябрынан тартып Ош шаарынын бардык аймагында арзан баада Өзгөн жана Алай райондорунун көмүрлөрү сатыла баштады. Кыргызстандын Тъштък башкалаасынын башчысы Алмаз Мамбетов көмүр сатуу жайларын өзү чекесинен кыдырды.

Ошентип, Ош шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү жашоочуларды арзандатылган көмүр менен камсыздоо максатында эки компания менен жалпы жонунан 700 тоннага келишим түзүлгөн. Бүгүн мунун 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн 5 атайын техника дагы ажыратылды. Ушул тапта муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында 7 жайга көмүр сатуу жайлары уюштурулду. Өзгөндүн көмүрүнүн тоннасы 3 миң сомдон, ал эми Алайдын көмүрү 4 миң сомдон деп бекитилди. Базар наркынан төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса дагы болот.

Ош шаарынын төмөнкү даректеринде көмүрлөр арзан баада сатылууда: Туран аймактык башкармалыгы, Дача участкасы, Нагорная көчөсү – 1. Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы, Курманжан-Датка көчөсү, “Ош-Ойл” май куйуучу бекетинин маңдайы. Керме-Тоо аймактык башкармалыгы, Черемушка кичи району, Муминов көчөсү, Араван тракты, 218-квартал. Манас-Ата аймактык башкармалыгы, Жаштар көчөсү — 49. Амир-Темир аймактык башкармалыгы, Целинная көчөсү, милиция бөлүмчөсүнүн жаны. Курманжан Датка аймактык башкармалыгы, Ташкент көчөсү — 56. Жапалак аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо айылы, Каримов көчөсү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс