• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ИНДИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨГӨ КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БУЮМДАРЫ КОЮЛДУ

Автор:ruh_admin

Ноя 25, 2021

НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын Нью-Дели шаарында Индия кыркынчы Эл аралык соода көргөзмөсү — 2021 (IITF) өтүп жатат. Бул иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы Элчилиги Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кол өнөрчүлүк буюмдарын жарнамалоодо.

Ошентип, Индия кыркынчы Эл аралык соода көргөзмөсүнө Кыргызстандын павильонунан келгендердин арасында бал жана кургатылган жемиштер, кийизден жасалган буюмдар жана жибек жоолуктар өзгөчө суроо-талапка татыды. Көргөзмөнүн уюштуруучулары менен келе жаткан жылы IITF-2022 көргөзмөсүндөгү Кыргыз павильонун кеңейтүү боюнча келишимдерге дагы жетишилди. Аталган эң ири көргөзмөнүн расмий ачылыш аземине негизги конок катары Индиянын Соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял катышты. Өз сөзүндө индиялык министр 40-Индия Эл аралык соода көргөзмөсү (IIFT) Индиянын экономикасы олуттуу жандануусунун күбөлөндүргөнүн жана бул жолу IIFT 2019-жылы уюштурулган көргөзмөдөн үч эсе чоң экендигин баса белгиледи.

Индиянын Нью-Дели шаарындагы Индия кыркынчы Эл аралык соода көргөзмөсүнө кичи жана орто бизнестин 3000ге жакын өкүлдөрү, ошондой эле тогуз чет мамлекеттен, мунун ичинде Кыргыз Республикасынын ишкерлери дагы активдүү катышууда. Чет элдик катышуучулар — Ооганстан, Бангладеш, Бахрейн, Непал, Шри-Ланка, БАЭ, Тунис жана Түркияеые өкүлдөрү. IITF Нью-Дели шаарында Индиянын Сооданы өнүктүрүү боюнча ITPO уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара болуп саналат. Бул — B2B жана B2C компоненттерин камтыган ири интеграцияланган соода жармаңкеси. Бир катар мамлекеттик уюмдар бул аянтчаны өз Программалары жана саясаты тууралуу маалыматты коомчулукка жайылтуу үчүн кеңири колдонушат. Бул иш-чарага Индиянын Федералдык Өкмөтүнүн дээрлик бардык Штаттары жана Союздук Аймактары катышууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс