• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

АКШ Кыргызстандын коргоо министрлигине 100 млн. долларлык жабдыктарды берди

Автор:ruh_admin

Ноя 25, 2021

АКШ ЭЛЧИЛИГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИНЕ 2017-ЖЫЛДАН БЕРИ БИРИНЧИ ЖОЛУ АСКЕРДИК ЖАБДЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

         БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер госпиталында өткөн салтанатта АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө жалпы наркы 100 000 доллардан ашкан заманбап рентген медициналык жабдыктарын тапшырды. Бул сапаттуу жабдуулар аталган министрликтин медициналык кызматкерлерине тынчтык орнотуу операцияларын колдоого гана жардамдашмакчы.

Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин убактылуу ишенимдүү Өкүлү Соната Коултер, Коргоо министринин орун басары полковник Акылбек Ибраев жана Кыргызстандын башка аскер кызматкерлери катышышты.

АКШ Элчиси Соната Коултер айым жабдууларды жеткирүү АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 30 жылдык кызматташууга дагыле олуттууу салым кошуп жаткандыгын баса белгилеп, анан дагы буларды кошумчалады: — Бүгүн биз Кыргызстандын Коргоо министрлигине 2017-жылдан бери биринчи жолу заманбап техниканын жеткирилишине чоң кубанычтабыз жана бул чек ара коопсуздугу, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү өңдөнгөн маанилүү жалпы кызыкчылыктар боюнча биргелешип иштөөдөгү илгерилөөчү өнөктөштүктүн белгиси деп терең үмүттөнөбүз!

Сөз арасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, полковник Акылбек Ибраев Америка Кошмо Штаттарына жабдууларды тартуулагандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди жана бул жабдыктар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтык орнотуу операцияларын жүргүзүүдө Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн ыкчам мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат деген терең ишенимин дагы жашырган жок.

Аталган жабдуулар АКШнын глобалдык тынчтык операцияларынын демилгеси долбоорунун алкагында гана тартууланды. Ал эми бул долбоордун эң негизги вазийпасы — өнөктөш өлкөлөрдүн туруктуу, өз алдынча тынчтык операцияларын өркүндөтүү аркылуу БУУнун жана аймактык тынчтык операцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык дараметти, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө!

Баса, АКШ менен Кыргызстандын кызматташтыгы дээрлик 30 жылдан бери коопсуздукка жана башка ар кандай сыноолорго байланыштуу маселелер боюнча, мунун ичинде жаратылыш кырсыктарына даярдык көрүү, ошондой эле трансулуттук коркунучтарга каршы туруу жаатында ырааттуу түрдө уланып келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс