Вторник , 25-Январь 2022
Башкы бет / Жаңылыктар / ҮГҮТ ЖАРАЯНЫНА АРАЛАШКАН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕР ИШИНЕН КОЛ ЖУУШТУ

ҮГҮТ ЖАРАЯНЫНА АРАЛАШКАН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕР ИШИНЕН КОЛ ЖУУШТУ

 

ОШ. Жогорку Кеңештин шайлоосунун өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери кызматтарынан дароо эле бошотулуп, а түгүл айрымдарына сөгүш дагы жарыяланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишев кызматтан бошотулуп, “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу, Алай райондук маданият үйүнүн директору Эдил Бакаев, Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу өздөрү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматтарынан акыры кол жуушту. Мындан тышкары Акматбек Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалимине, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин директорунун орун басары Марат Раишовго дагы сөгүш жарыяланды.

Кыргызстандын жогорку Бийлиги 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумушунан эле алынбастан, жоопкерчиликке дагы тартылышарын айтып келатат. Ушундай эле жүйөө менен буга дейре бир катар аткаминерлер дагы ишинен ажыраган. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөрүлөт. А үгүт иштери 29-октябрда башталган. 26-ноябрда кечке маал аяктайт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс