• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

КЕЗЕКСИЗ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ДА ДАЯР БОЛГУЛА, МЕН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТТАНАМ!

Автор:ruh_admin

Ноя 24, 2021
Бүгүн Талас жергесиндебиз. Үгүт кербенибизди Таласка келип, маркум досум Болот Шердин күмбөзүнө Куран окуп, андан ары Баткенден баштаганбыз.
Бирок, бүгүн Таласта эң маанилүү ойду, негизги кайрылууну айттым.
Талас эли менен жолугушуудагы сөзүмдү сунуштайм.
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу таластык туугандар!
Кризистерге толгон ушул жылы Кыргызстандын ишенген, таянган эки эле союзниги бар экен деген жыйынтыкка келдим.
Бул – Тоолор жана элдин эркин мүнөзү. Экөө тең ата-бабаларыбыздан калган.
Тоолор жөнүндө ГИМНде да айтылган:
Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Тоолор атмосферадан сууну жыйнап, аны сактап турат.
Суу – өмүрдүн булагы. Суусуз айыл чарба да, өндүруш да жок. Суу чоң экономикалык гана баага ээ болбостон, ал геосаясий мааниге да ээ.
Экинчиден, тоо жана суу – гидроэнергетиканын булагы.
Биз бул байлыгыбызды кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн өзүбүз гана пайдаланышыбыз керек.
Акыркы кезде бул ресурсубузга башка мамлекеттер көз артып, түбөлүк чогуу пайдаланалы деген ниеттерин ачык айта башташты.
Мурунку президенттер Атамбаев, Жээнбеков, бүгүн Жапаров да “Гидрокурулуштарды, ошонун ичинде ГЭСтерди Өзбекстан менен чогуу курабыз” деп Ташкентке барып, убада берип келишти. Бул кечиримсиз ката.
Суунун баасы, мааниси күндөн-күнгө биздин региондо өсөт.
Күн күйүп турганда, жер өз огунда жана Күндун айланасында айланып турганда миллиондогон жылдар бул ресурсубуз түгөнбөйт.
Бүгүн биз суунун башында болгонубуз менен айыл-чарбасында анын 10%га жакынын гана колдонобуз. Жерлерибиз, талааларыбыз суусуз чөл болуп турат.
Дыйкандарга дыйканчылык кылганга, жаш үй-бүлөлөргө там салганга да жерлер жетишпейт. Биз биринчи кезекте Кыргызстанды суу менен камсыз кылып, өзүбүздөн ашканын гана коңшуларга беришибиз керек.
Тоо жана суулар – гидроэнергетикалык ресурс. Бул да түгөнбөс энергиянын булагы. Бирок, биз бул гидроэнергетикалык потенциалыбыздын 10%га жакынын гана пайдаланабыз. Тилекке каршы, бул багытта ушул кезге чейин алгылыктуу иш-чара жок.
“Ата Мекен” партиясы башкаларда жок ресурстарыбызды өзүбүздүн гана кызыкчылыгыбыз үчүн, өзүбүздүн пайдабыз үчүн гана пайдаланыш керек дейбиз. Тилекке каршы, улуттук кызыкчылыкты бийликтегилер толук түшүнө албай жатат.
Мисалы, Садыр Жапаров “быйыл кургакчыл жыл болду, сууну коңшуларга агызып берип жатабыз. Биз аларды да ойлошубуз керек. Алардын айыл-чарбасы зыян тартпагандай болуш керек. Биз аларга жардам берсек, алар бизге кышында арзан электр энергия менен жардам берет” деп айткан.
Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан келишимге келип, электр энергия ала баштадык. Бирок, кыш келди, Өзбекстан, Казакстан менен Түркмөнстан “өзүбүзгө керек, өзүбүздө проблема болуп жатат” деп электр энергиясын бербей койду. Ушу факттын өзү алыш-бериш өз кызыкчылыгыңды эске алуу менен болуш керек, керек болсо дүйнөлүк баада болуш керек, биринчи кезекте биз өзүбүзгө бекем болуш керек, өзүбүздүн кызыкчылыкты коргош керек экендигин көргөздү.
Ата-бабаларыбыз ээлеп, бизге калтырган тоолор – биздин географиялык ордубуз, дүйнөлүк соода-сатыктын негизги жолдорунун бири болгон Жибек-Жолунун дарбазасы. Кургактагы эң кыска жол Кыргызстан аркылуу өтөт. Бул да Кыргызстанда гана бар артыкчылыгыбыз, геосаясий ресурсубуз.
Тез аранын ичинде темир жол ж.б. байланыш каналдарын ачып, өлкөнү коммуникациялык тупиктен чыгарышыбыз керек. Ошондо Кыргызстан соода-экономикалык гана эмес, реалдуу саясий көз карандысыздыкка жетишет.
Бирок, биздин бул ресурсубузга да көз арткан мамлекеттер чогуу пайдаланалы деген ниеттерин жашырбай ачык айтып, аракет кылып атышат. Бул ресурсубузду да Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн өзүбүз гана пайдаланышыбыз керек.
Атамбаев да, Жээнбеков да, азыркы президент Садыр Жапаров да Ташкентке барып, “темир жолду Өзбекстан менен чогуу курабыз” деп айтып келишти.
Адамзат цивилизация болуп турганда, Чыгыш менен Батыштын ортосунда товарлар жана жүргүнчүлөр каттамы тынымсыз болот. Бул да Кыргызстан үчүн чексиз геосаясий ресурс. Ошонун жарымын башка мамлекетке бирип койгонубуз да кечиримсиз.
Биз – “Ата Мекен” партиясы алдыбызга улуу, чоң максаттарды коюш керек деп эсептейбиз. Эгер, аларга умтулсак, аларга жетүү жолунда майда-барат көп маселелер өзүнөн-өзү чечилет. Кыргызстан – эң чоң Евроазия континентинин борборунда турганы менен айланасын тоолор курчап, туңгуюкта турган өлкө болуп турабыз. Бирок, жаныбызда дүйнөдөгү чоң экономикасы бар Кытай турат. Түштүк тарабыбызда 1,5 млрд. калкы бар Субконтинент, жакынкы Чыгыш, Европа турат. Жибек-Жолунун дарбазасы илгертен Кыргызстандан өткөн. Азыр да биз ошол жолду кайра ачышыбыз керек. Сөз Кытайдан Кыргызстан аркылуу өтүүчү темир жол жөнүндө болуп жатат.
Улуу Петр-I Россиянын алдына Европага терезе ачабыз деген максат койсо, биз дүйнөнүн 4 океанына дарбаза ачабыз деген максат коюшубуз керек. Бул реалдуу. Анткени, миңдеген жылдар так ушундай жол бизден өткөн, анын дарбазасын биз көзөмөлдөгөнбүз. Бүгүн да бул реалдуу. Бул Кыргызстандын экономикасына эбегейсиз мүмкүндүк берет, бюджетке түздөн-түз киреше булагы болот. Эң негизгиси, Кыргызстанды соода-экономикалык эркиндикке гана эмес, реалдуу саясий көз карандысыздыкка алып чыгат.
Биздин коңшуларда жок дагы бир ресурсубуз – бул эркин эл – ЭГЕМЕН мүнөздүү адамдар, эркиндикти сүйгөн, намыстуу граждандар жана индивидуализм менен коллективизмди айкалыштырган өнүккөн граждандык коом.
Эгемен мүнөзүбүз – байлыгыбыз жөнүндө ГИМНдин 2-куплетинде мындай жазылган:
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейпилдикти берет кыргыз жерине.
Бүгүнкү күнү адам укугун, эркиндигин, граждандык коомдун мүмкүнчүлүгүн чектеген саясат жүрүп жатат. Мындай саясат биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү, артыкчылыгыбызды жоготот. Тескерисинче, биз бул ресурсубузду сактап өнүктүрүшүбүз керек.
Адамдык капитал – биздин негизги байлыктарыбыздын бири. Жогоруда айткандай, биздин экономика ушул артыкчылыгыбызга негизделиш керек.
Биздин көз карашыбыз, биздин позициябыз бүгүнкү бийликтикинен башкача. Ошон үчүн биз өзүбүздү бүгүнкү бийликке альтернатива деп жарыяладык.
Ушул байлыктарыбызды жоготпой, башка элге алдырбай, өнүктүрүп-өстүрүп, келечек муунга өткөрүп берүү биздин милдет. Бул жөнүндө ГИМНдин 3-куплетинде айтылган:
Аткарылып элдин үмүт, тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Биз – “Ата Мекен” командасы Кыргызстанды кыдырып чыктык. Эл менен жолуктук. Өзүбүздүн тарыхый милдетибизди, миссиябызды сезип түшүндүк. Өлкө туура эмес жолдо баратат. Альтернативалык күч катары башка жолду көргөзөбүз. Кыргызстанда тарыхый процесстерди туура жолго бурушубуз керек. Биз жолуккан адамдар бул иш “Ата Мекендин” гана колунан келет, анын лидери катары Сиз тарых алдында жоопкерсиз. Ошол жүктү өзүңөргө алгыла” деп айтып жатышат.
Мындан улам, биз партияда кеңешип, андай жоопкерчиликти өлкө үчүн алалы деп чечтик. Мен Кыргызстандын президенти болуу ниетимди силерге бүгүн ушул жерде жарыялайм. Бул менин жеке чечимим эмес. Бул эл менен кеңешкенден кийинки партиянын чечими. Анткени, биз өлкө үчүн, анын келечеги үчүн жоопкербиз. Жарым жолдо таштап койгонго укугубуз жок.
Мени көп айыпташат. “2005-2010-жылы өзүң эле президент болсоң болмок, башкаларга берип койдуң” дешет.
Урматтуу таластык туугандар! Мен 2000-жылы президенттик шайлоого катышып, ал кездеги президент Аскар Акаевди утуп алгам. Муну ошо кезде шайлоо комиссиясында иштеген, жергиликтүү бийлик органдарында иштеген адамдар тастыктап бере алат.
2007-жылы Бакиевдин “Ак-Жол” партиясын “Ата Мекен” партиясы утуп алган. Ошондо таластыктар бизге эң көп добушту берген. Тилекке каршы эки жеңишибизди тең биз коргоп, сактап кала албадык. Биз уурдаттык. Ал үчүн жоопкерчиликти мен сиздерге эмес, өзүмө жүктөйм. Сиздер берген добушту, жеңишти коргой албаганым – бул менин күнөөм.
Бүгүнкү парламенттик шайлоо мындан беш жылдан кийинки боло турган президенттик шайлоо кампаниясынын башталышы. Биз бүгүн 5 жылдык шайлоо кампаниясын баштадык. Биз 5 жылдан кийинки боло турган президенттик шайлоого камданабыз. Бирок, 5 жыл деп күтүп отура бербестен, кезексиз шайлоо болуп кетсе да, эртең да, бүрсүгүнү да даяр турушубуз керек. Бул жолу биз өзүбүздүн жеңишибизди коргошубуз, сакташыбыз керек.
Урматтуу мекендештер! Урматтуу шайлоочулар!
Мен бүгүн таластыктарга жана бүтүндөй кыргызстандыктарга кайрылам.
2000-жылы, 2007-жылы биз оппозицияда жүрүп, бийликти утканбыз. Ошондо бизди колдогон шайлоочуларга дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем. Көбүңүздөр карыдыңыздар, чарчадыңыздар, саясаттан тажадыңыздар, көңүлүңөр калды, ишенбей да калдыңар. Бирок, бүгүн “Ата Мекенден” башка тарыхы бар, тамыры бар, демек келечеги бар реалдуу саясий күч жок.
Урматтуу мекендештер! 2000-2007-жылкы эрдигиңиздерди эстегиле, чыйралгыла, тургула!
Мен билем, сиздер барсыздар. Мен ишенем, сиздер кааласаңыздар күч болосуздар. 28-ноябрда келип, “Ата Мекен” партиясын колдоп бериңиздер. Бул кийинки президенттик шайлоодо өлкөнү өзгөрткөнгө, тарыхты бурганга жол ачат.
“Ата Мекен” партиясы өзүнүн негизги чоң иш-чараларын Таластан баштап келген. Бирок, бул жолку шайлоо кампаниябызды бүгүн кыйналып турган, мамлекеттин, жалпы элдин жардамына муктаж болуп турган Баткен жеринен баштадык. Антсе да, баарибир эң негизги ойду, негизги кайрылууну бүгүн биз Таласта айттык. Анткени, Таласта Манас атанын ордосу турат. Бул жерде Манастын духу бар. Ал бүткүл Кыргызстанды колдоп келет.
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда.
Буйруса Жеңиш биз тарапта болот!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс