• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Кара-Сууда 5 млн. сомдук аткезчилик жүк кармалды

Автор:ruh_admin

Ноя 23, 2021

ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык кыштагында Кыргыз бажычылары беш миллион сомдук аткезчилик жүгүн аңдып жүрүп колго түшүрүштү.

         Айтмакчы, Мамлекеттик бажы кызматынын Ыкчам бажы тармагынын өкүлдөрү ЕврАзия экономикалык Биримдигинин алкагында мыйзамсыз товарлардын жана автоунаа каражаттарынын ташылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз жараны М. Н. айдап бараткан шектүү «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаасын токтотуп текшеришти. Дыкаат тинтишкенде, автоунаанын ичинен акциз маркасы жок Milano London и Milano Tech Lock үлгүсүндөгү 1 миллион 300 миң даана фильтрсиз тамеки табылды. Бул товарлардын жалпы наркы 5 миллион 325 миң сом деп бааланды.

Ошентип, ЕврАзия экономикалык Биримдигинин бажы мыйзамдары одоно бузулган бул фактыга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 102-беренеси боюнча айып тагылып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс