• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Баткенде да аткезчилик жүктөр кармалды

Автор:ruh_admin

Ноя 23, 2021

БАТКЕН. Баткен облусунда УККМКнын Чек ара кызматынын өкүлдөрү ири аткезчилик жүгүн кармашты. Ошентип, 250 кило конфет жана 11 миң даана тамеки колго түшүрүлдү.

УККМКнын Чек ара кызматынын басма сөз катчысынын кабарлоосуна караганда, Баткен районундагы Кара-Бак кыштагынын түштүк тарабында Кыргыз чек арачылары 2991-жылы туулган Т. З. у. аттуу жаран айдап бараткан Hyundai-Porter автоунаасын токтотуп текшеришкенде, ага жүктөлгөн 58 кутуга жүктөлгөн 250 кило конфет табылды. Ал эми Баткен районунун Чоң-Талаа тилкесинде Кыргыз чек арачылары УМУМКнын өкүлдөрү менен биргеликте шектүү Audi автоунаасын токтотушканда, Н. Т. у.  айдаган бул машинадан Тажикстанда өндүрүлгөн ESSE CHANGE үлгүсүндөгү 11 миң даана тамеки табылды. Булардын жалпы наркы азырынча 1 миллион 100 миң сом деп эсептелүүдө.

Ошентип, тишелүү документтер толтурулгандан кийин эки материал тең тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Эми маселеге эми ошолор тарабынан биржаңсыл чект коюлмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс