• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Шайлоого саналуу күндөр калды

Автор:ruh_admin

Ноя 22, 2021

Бул шайлоо мурунку шайлоолордон өзгөчө өтөт. Себеби буга чейин эки сөздүн башын кошо албаган, сырты жалтырак ичи калтырак «аты улук, супарасы курук» банкирлер, базарчылар, бизнесмендер миллиондогон жашылбайларды партия лидерине берип, алтын тизме алдыңкы ондукту ээлеп алышчу. Азыркы боло турган шайлоонун өзгөчөлүгү мына ушунда. Мурунку шайлоолордой алтын талапкер жок. Шайлоочу каалаган партиясын, партиянын ичинен каалаган талапкерине добушун бере алат. Буга чейин партиялар бири-бири менен атаандашып келсе, бул саам партия ичиндеги талапкерлер добуш көп алуу үчүн бири-бири менен атаандашып жаткан кез.

Дагы бир эске сала кетчү нерсе, бул шайлоодо жаңылбайлы, татыктуусун тандайлы. Себеби бул ирет да баягы эле кадыры эчак кайтыш болгондор, Кыргызстанды болушунча тоногондор, эгемендүүлүк алгандан бери депутат болгондор, коррупционер атка конгондор, буга чейин соттолгондор, кыргыз элинин жонунан кайыш тилгенден коркпогондор келатат.
Ошон үчүн Урматтуу шайлоочу, добуш берээрде жети өлчөп бир кесип, эски, дат баскан тырмоочту кайра басып албагыла. Шылуун талапкерлердин жакшы сөзүнө, сулуу көзүнө алданбагыла!

Тилек Рыскулов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс