• Вс. 29 мая, 2022

Популярные метки

Бишкекте электромобилди бекер жана тез кубаттоочу алгачкы станция пайда болду

Автор:ruh_admin

Ноя 20, 2021

Бишкек шаарында Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, “Олимп” бизнес борборунун жанында электромобилдерди тез кубаттоочу алгачкы (суперчарджер) станция пайда болду. Электромобилди кубаттоо акысыз, бирок айдоочу аны өз алдынча колдоно албайт.

Станцияны өлкө аймагында унаанын бул түрүн сатуу менен алектенген «Electromobile.kg» жеке ишканасы компаниясы орноткон. Бул тууралуу компаниянын ээлери Instagram социалдык тармагындагы баракчасынан билдиришти. Станциясы алардын кеңсеси жайгашкан имараттын жанында жайгашкан.

Компания өкүлдөрүнүн айтымында, станция өзгөрмө токту туруктуу токко айландырат, бул электр унаасынын аккумуляторун 1,5 саатта 0дөн 100%га чейин кубаттоого мүмкүндүк берет.

Электромобилди кадимки розеткадан да кубаттоого болот. Бирок, ал үчүн аккумуляторду 400-500 км аралыкка толук кубаттоо үчүн 10 саатка жакын убакыт керектелет.

“Электромобилдин ээлери бул станцияда унааларын бекер кубаттай алат”, — деди компаниянын өкүлү.
Транспортту кубаттоону каалагандар станцияга келип, компаниянын адистерине 0704 55 02 33 (Дамир), 0709 49 17 97 (Адылжан) кайрыла алышат. Адистер станцияны ачып, кандай кубаттоо керектигин көрсөтүп беришет.

Компания жакын арада шаарда дагы бир нече ушундай станцияларды орнотууну пландап жатат.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс