• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Ош шаарында “Ден соолук” форуму өткөрүлдү (фото)

Автор:ruh_admin

Ноя 19, 2021

  Кыргызстанда алгачкы жолу Ош шаарында “Чыгыш” укалоочулар бирикмеси тарабынын “Ден соолук” форуму өткөрүлдү.


Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Дурусбек Эрнусбек уулу билдирди.

Анын айтымында, форумга Бишкек жана Ош шаарларында эмгектенген тажрыйбалуу дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Форумдун алкагында кайрымдуулук иш-чарасы дагы өткөрүлдү.

“Бул иш-чаранын негизги максаты-  дарыгерлердин башын бириктирип, алардын өз ара тажрыйба алмашуу, коомчулукка адамдын саламаттыгына зарыл болгон пайдалуу маалыматтарды берүү. Форумга катышуучулар атайын билеттин негизинде киришти. Андан түшкөн каражат майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, колу жука үй-бүлөлөргө жардам катары берилет“,-деди ал.

Мындай форум эми аймактарда дагы уланат. Анда дасыккан дарыгерлер коомчулуктун көңүлүн дени сак жашоого, өз саламаттыгын алдын алууга чакырышмакчы.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс