• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ САДЫР ЖАПАРОВго 1-АЧЫК КАТ

Автор:ruh_admin

Ноя 19, 2021
«Эсиң барда этегиңди жап!» дейт кыргызда
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ САДЫР ЖАПАРОВго 1-АЧЫК КАТ
Урматтуу Президент!
Мен, мамлекет, эл тагдырына кайдыгер карай албаган жөнөкөй жаран катарында 2020-жылдын октябрындагы төңкөрүшкө ичимден каршы болгом. Ал учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду жана анын командасын жактырганымдан же колдогонумдан улам эмес, тек, өз мамлекетимди — Кыргызстанды сүйгөндүгүмдөн, анын тынч, эволюциялык жол менен өнүгүшүн каалаганымдан улам…
Конституциялык нуктан чыккан ар кандай мыйзамсыздык, башаламандык жакшылыкка алып барбастыгын, мамлекеттик институттардын ишмердигине кедерги болуп, өнүгүшкө тоскоолдук жаратаарын андан мурда эки ирет төңкөрүш аркылуу бийлик алмаштырган кыргыз коому сезип-туйгудай болгон эле. Тилекке каршы, өтмүштөн, тарыхтан сабак алуу кыргыздар үчүн али жат көрүнүш экен. Билимдүү-билимсизи, интеллектуалыраак азчылыгы менен караңгы көпчүлүгү — баары биригип, төңкөрүштүк эйфорияга батып, калпагын көккө ыргытып жатып калышты.
Ушул эле «Фейсбук» бетинен: «Ай, ушу кыргыздар оңдуу мамлекет түзө албайт окшойбуз» дей койсом, чычалап чыгышты. «Койгула, эми С.Жээнбеков президент бойдон калсын. Караламандын зор колдоосуна ээ экен, С.Жапаров премьер-министр болсун» десем, мени шарт эле «трайбалист» атап, алка-жакадан алгандар чыкты. ( Алардын арасында улуу-кичүү, билимдүү тааныштарым да бар эле. А азыр алардын баары сизди ашатып сөгүп жаткан кербези…)
…Андан бери бир жылдан бираз ашык убакыт өттү… Азыр бийликте турган силер бир проблема болсо эле: «Мунун баары отуз жыл ичинде үйүлүп калыптыр, мурдагы бийликтин кылганы. Отуз жылда чогулган кемчиликти жоюш оңойбу?» деген шылтоо айтып, «отуз жылды» оозуңардан түшүрбөй калдыңар.
О, отуз жыл, отуз жыл… Бир серп салалычы ошого!
Урматтуу Президент. Ооба, быйыл Кыргыз Республикасынын саясий эгемендүүлүгүнүн, дагы тагыраак айтканда, мамлекеттүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленди. А ошол 30 жылдык тарыхтын 10 айы сиздин башкарууда өттү. Анан анча- мынча акыл калчап, аңдай билген адамга мурдагы 29 жыл эки айга караганда, сиз бийлеген 10 ай кооптуу да, жооптуу болуп чыкты.
Канчалык кемчилик, катачылыктарына карабай, алгачкы президент Аскар Акаевдин убагында кыргыз мамлекеттүүлүгү түптөлүп, Кыргызстан эларалык коомчулукка өз алдынча, кадыресе мамлекет катары таанылган. 1999-2000- жылдары ээнбаш террористтик-бандиттик топтор чегибизге жойлоп кирип, тынчыбызды алганын эске албаганда, Кыргызстандын чегара бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө тыштан эч кандай коркунуч жаралган эмес. Андан кийинки бакиевдик, атамбаевдик бийликтин тушунда деле мамлекетибиз тышкы коркунучтан алыс болду.
А эми ошол 30 жылдын 10 айында эле силер Кыргыз Республикасынын чегарасын чет өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө бастырып жибербедиңерби?! КМШнын эң алсыз мамлекети эсептелген Тажикстан мамлекетибизге ачык агрессия жасабадыбы!?Оң миңдеген кыргызстандыктар үйүн, орун-очогун таштап, качкын болбодубу?! Ондогон мекендештерибиз, арасында наристе кыз да бар, коңшу өлкөнүн аскеринин огунан каза таап, канча үй-бүлө кан жутпадыбы?!
Бул жерде эки анжы ой болушу мүмкүн эмес: Кыргызстан мындай шермендечиликке мамлекет башчысы, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Сиздин жана бүтүндөй чегара, коопсуздук маселесин алаканына жалгыз уучтагысы келген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин компетентсиздигинен улам туш болду.
Мындай учурда жок дегенде К.Ташиев токтоосуз кызматтан кетиши керек эле. (Аны ошол убагында да айткам.) А силердин дегеле «кылыңар кыйшайган жок».
О, отуз жыл! Силер бийликке келгенге чейин бир дагы бийлик өз жаранын «уурдап», чет өлкөнүн атайын кызматына салып берген эмес эле…Кыргызстан билим берүүсүнө эларалык стандартты киргизип, миңдеген алдыңкы муун өкүлдөрүн тарбиялаган, демек, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө опол тоодой үлүш кошкон агартуучу, мугалим Орхан Инандыны канчалык тооруганына карбай, Атамбаев да, Жээнбеков да Эрдогандын колуна салып берген, же сатып жиберген эмес. А силер эч тайсалдабай Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны, аны менен кошо мамлекет эркин, намысын кошо саттыңар!
О, отуз жыл! Ар келген бийликтин бетине чиркөө болгон Кумтөр алтын кенинин тегерегинде упай топтоп, эл ишенимине кирмек болдуңар эле. Кыргызда бийлик ээлегендердин акыл, билим, эрк, нысабын таразалай билген мага окшогондор башында эле Кумтөрдүн тегерегиндеги популисттик кадамыңардан мамлекет майнап таппасын сезген. Биз ойлогондой эле, иштин учугун эртелеп таппай калдыңар. Эртең эми алтындын артында кандай жаңжал, чыр чыгып, канчооңор айыптуу болуп чыгаарыңарды бир Кудай билет…
Эми булардын жанында кримчөйрөнүн баш көтөрүп башкаруусу, коррупциянын оожалганы, социалдык-экономикалык кризистин тереңдеши, тек, майда-чүйдө кеп болуп калат.
О, отуз жыл! Силер бийлеген анын 1 жыл 3 айындагы жогоркудай «улуу жетишкендиктерден» улам болсо керек, эл арасында кайрадан «дуу-дуу» кеп. «Бу бийликтин күнү бүтөрүнө мынча калды» деп күн санаган кез. Мен Ошто болом, төштө болом, ар качан калк ичинде жүрөм. Анан ар ким менен сүйлөшө кетем. «Бу бийлик ушу шайлоодо кетет» дешет кээ бирөөлөр. «Жо-ок, жазга чейин барат. Жазда кризис күчөп, анан төңкөрүш болот» дешет башкалар. «Ой, койгула! — деп каршы болом мен: — Төңкөрүшкө тойбодукпу?! Бийлик туруктуу иштеп, өз мөөнөтүндө мыйзамдуу алмашпаса болбойт! Антпесе өнүкпөйбүз.»
Бирок… бирок… Шайлоонун тегерегиндеги акыркы окуялар опурталдуу өңүт алып, ойго сала баштады. Эл көзүнө «шайлоону таза өткөрөм» деп, бирди айтып, иш жүзүндө шайлоого орунсуз кийлигишип, экини кыла баштадыңар. Мисалы, мыйзамды одоно бузуп, Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер, көзү азиз Дастан Бекешовду суракка чакырып, кысым жасоо… Эми дагы бир талапкер Рыскелди Момбековду жок шылтоо менен шайлоодон четтетүүгө жасалган аракеттер… Бул эмне, төңкөрүшкө алдын ала жасалган даярдыкпы?
Урматтуу Президент! Айтууда, досуңуз жана оң колуңуз Камчыбек Ташиев бир партия болмуш түзүп алып, шайлоодо сүрөп, ошону өткөрүп алсам дегенде эки көзү төрт. Сиз өзүңүз дагы бир партия болмуш курап алып, ошону өткөрүп алсам деген жаналакеттесиз…А ошонун кайгайынан улам оппозиционер саясатчыларга кызыкдар болуп, Рыскелди Момбеков сындуу элге алынган талапкерлерге кысым жасап жатасыңар.
(Айтса, дос, достук, жоро-жолдоштук түшүнүгү жеке адамдык, ички адамгерчилик, үй-бүлөлүк өз ара мамиле, алака-катышка гана тийиштүү нерсе. Силер аны мамлекеттик саясатка зордоп таңуулап, мамлекеттик башкарууга дагы бир илдет жуктурдуңар. Бир мандем ушул жакта.)
О, айланайын, кыргызбайларым! Деги бизге качан паам-парасат, эс-акыл кирет? Кечээгиден сабак алар күн болобу деги? Айткылачы, кайсы бийликти, кайсы президентти кошоматчы, уурулардын куралган партия болмуш сактап калды эле? Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди, Жээнбековду ошолор биринчи сатпады беле?!
Дагы да эске алып койгула, Кыргызстанда бир да режим жалаң экономикалык-социалдык кризистин айынан гана бийликтен куулган жок. Өздөрү казган орго өздөрү түшүп, өз напсисинин, нысапсыздыгынын, бийлик-байлык кумарына ашкере азгырылгандыгынын курмандыгы болду. Аманатка кыянат кылып, эл тандоосуна опсуз киришкендигинин жазасын алды!
Урматтуу президент! «Эсиң барда этегиңди жап» дейт кыргыз. Силер да жогоркудай жолойго түшүп албадыңарбы!? ( Албетте, мен жаңылсам жакшы болор эле… Бирок, эмнегедир, Бакиевдик режимдин кандуу жол менен бийликтен куулары, Жээнбековдун кантип оодарылары тууралуу алдын ала айткандарым туура чыккан жайы бар.( Аларды факт катары келтирип койгонго даярмын).)
Урматтоо менен, Абдувахаб МОНИЕВ,
Кыргыз Республикасынын жараны
19.11.21.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс