• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ТАЛАПКЕРЛЕР АТААНДАШЫНЫН ҮСТҮНӨН ДАТТАНЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

ОШ. Ош облусуна караштуу №11-Алай шайлоо округундагы беш талапкердин төртөө (Замирбек Божонов, Дайырбек Орунбеков, Бакытбек Саипов, Улукмырза Тоотаев ) атаандашы – Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Улан Пиримовдун үстүнөн БШКга атайылап даттанышты. Ошондой эле аталган талапкерлер президент Садыр Жапаровго  жана укук коргоо органдарына дагы өзүнчө видео Кайрылуу жолдошту.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлер атаандашы Улан Примовду добуштарды сатып алууга ачык эле айыпташып, а түгүл анын аракеттери тыкыр текшерилүүсүн дагы катуу талап кылып жатышат. Мындан тышкары алар Примовдун үй бүлөсүнө таандык “ОшПирим” телеканалынын кызматкерлеринин карандай каралоосуна дуушар болушкандыгын, буга улай талапкер Улан Примов оштуктарга арзан көмүр түшүрүп, а түгүл жылкы дагы союп жаткандыгын ачыктышты.

Маселен, расмий Кайрылуу жолдогондордун бири Замирбек Бөжөнов Примовдун үй-бүлөсүнө таандык “Ош Пирим” телеканалынын кызматкелери аны атайылап каралагандыгын жашырган жок: — Менин үстүмдөн Улан Пиримов өзүнүн “Ош Пирим” телеканалынын журналисттери, атайын аларды жалдаганбы. айтор, жалган каралоо, тастыкталбаган маалыматтар менен бүт шайлоочуларга мени жек көрсөттү. Ошонун айынан БШКга мен ачык Кайрылуу жаздым. Мындан тышкары булар ар кайсы айылдарда арзандатылган көмүр дагы таратып жатышат.

Айтмакчы, буга дейре Борбордук Шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Улан Примовго 19-ноябрда кат жүзүндө эскертүү жасаган. Анткени, буга Улан Примов өзүнүн соцтармактардагы баракчасына шайлоо өнөктүгү башталгандан кийин кайрымдуулук иштерин жарыя кылгандыгы себепкер болгон.

Бирок, талапкерлердин дооматын Улан Примовдун шайлоо штабы караманча четке какты. Ал эми Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев күч түзүмдөрү эч бир саясатчыга жан тартпай тургандыгын ачыктады:  Төрт талапкердин соңку Кайрылуусу дыкаат териштирилип жатат. Эгерде мыйзам бузулган болсо, бирдей жоопкерчиликке тартылат. Укук коргоо органдары бирөөгө тартып койду деген таптакыр туура эмес! Бул жерде Башкы прокуратура, УКМК дагы шайлоонун жүрүшүн такай карап турушат. Ошондой эле шайлоо комиссиялары дагы бар. А коомчулукта активисттер жана юристтер мындайга дегеле жол беришпейт!

Айтмакчы, Ош облусунда Жогорку Кеңеш шайлоосунун үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузууга байланыштуу 34 арыз катталып, булардын бирөө сотко өткөрүлүп, 18 иши дагыле тергөөдө. Калгандары далил жоктугунан улам кыскартылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс