• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

СУЗАКТА 82 БАШ КОЙДУ УУРДАП, ӨЗБЕКСТАНГА АЙДАП ӨТКӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районунда 82 баш койду атайылап уурдап, андан ары Өзбекстанга өткөрүүгө шектелген жаран акыры кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сузак районунун Багыш Айыл Өкмөтүнөн 1973-жылы туулган Ж.Ы. аттуу тургуну Сузак РИИБине арыз менен кайрылган. Ал даттануусунда үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда баласы 51 баш коюн талаага жайганы чыгып, үйүнө келе берген учурда койлору талаадан жоголгондугун, натыйжада ири өлчөмдө зыян тарткандыгын айтып даттанган. Буга улай Сузак районунун дагы бир Х.Г. аттуу тургуну дагы милицияга арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 24-сентябрь күнү түшкө маал Таш-Булак айылынын талаасында жайылып жүргөн 31 баш коюн белгисиз жарандар уурдап кетишкендигин, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү абдан суранган.

Натыйжада жалпысынан эки арыздын негизинде жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашкандыгын, койлордун баары “Гиссар” тукумунан экендигин билдиришкен. Ошентип, ыкчам-иликтөө жараянынын натыйжасында, Сузак районунун 1977-жылы туулган Ш.М. аттуу тургуну кармалды.

Сузак райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүү Ш.М. эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү уурдалган койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстанга өткөрүп жибергендиги ашкереленди. Жалал-Абад ОИИБсынын жана Сузак РИИБсынын Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү тарабынан уурдалган 28 баш кой табылып, дароо ээлерине кайтарылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс