• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ОШМПУДА АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТЕР СЫЙГА ТАТЫШТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

ОШ. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде (ОшМПУда) Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнү татыктуу белгиленип, ага арналган майрамдык салтанат дагы өткөрүлдү.

ОшМПУнун студенттери адегенде концерттик программа тартуулап, көркөм окуу окушту. Ушуга улай белгилүү эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы дагы жагымдуу чыгармаларын аткарып, окуу жайдын студенттерин майрамы менен куттуктады. Ушундан соң университеттин ректору, профессор Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, майрамдык кече студенттерди сыйлоо аземи менен улантылды. Окууда жана коомдук иш-чараларга дилгирлик көрсөтүп, ийгилик жаратып келе жатышкан бир катар студенттер Ардак Грамота жана акчалай сыйлыктарга татышты. Ушуну менен бирге спорт тармагында спартакиада, мелдештерде мыкты жетишкендиктерге жеткен студенттерге дагы кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, түрдүү саамалыктарда окуу жайдын намысын коргогон активдүү студенттерге окуу жайдын атынан сыйлыктар кошо ыйгарылды.

Ошондой эле ОшМПУнун тарыхчысы, философ, маркум Турсун Абжаловдун урматына анын үй-бүлөсүнүн атынан тарых адистигинде билим алып жатышкан алдыңкы эки студентке 5000 сомдон стипендия ыйгарылды. Ошентип, ОшМПУда Студенттер күнү жыл сайын жогорку деңгээлде белгиленип, майрамдык кече уюштурулуп келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс