• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

“ОШЭЛЕКТР” ИШКАНАСЫ ҮЙЛӨРДӨГҮ ЖЫЛЫТКЫЧТАРГА МӨӨР БАСЫЛГАНДЫГЫН ЫРАСТАДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

ОШ. “Ошэлектр” ишканасы анын кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда үйлөргө рейд жүргүзүшүп, үйлөрдөгү жылыткычтарга мөөр (пломба) басып жатышкандыгын ырастады. Аталган мекеме мындай чаралар энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана авариялык абалды алдын алуу үчүн жасалып жаткандыгын дагы кошумчалады.  

Ошентип, “Ош электр” Ош жана Баткен облустарында, ошондой эле Ош шаарында атайын рейддерди уюштуруп жаткандыгын дагы  кошумчалады. Рейддин жүрүшүндө токту чектен ашыкча урунган учурлар аныкталып, энергияны көп талап кылган жылыткычтарга убактылуу мөөр басылган. Кыргыз Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Ош жана Баткен облустары, ошондой эле Ош шаары боюнча электр энергияны керектөөнүн атайын лимити бекитилген. Буга акарата “Ош электр” 2021-жылдын 16-ноябрына карата бекитилген лимиттен 31,5 миллион кВт саат же 21,6 пайызга ашыкча пайдаланды. Ал эми Кадамжай РЭТи боюнча 3,3 миллион кВт саат же 24,4 пайыза ашып кеткен. 2021-жылдын өткөн он айында “Ошэлектро” ишканасынын абоненттери 12 867 көбөйгөн. 17-ноябрда социалдык тармактарда мөөр басылган жылыткычтар тартылган сүрөттөр жарыяланып, интернет колдонуучулардын талкуусуна түшкөн эле.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске тушукту. Ушуга байланыштуу “Түндүк электр” ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чектөө киргизген. Бийлик жана Энергетика министрлиги калкты электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, кышында өчүрүү болбой турганын катуу убадалап келатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс