• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН САНЫ 154 МИҢДЕН АШТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

ОШ. Ош шаарынын мэриясында алдында парламенттик шайлоого байланыштуу координациялык кеңешме өткөрүлдү.

Аталган кеңешмеге биринчи вице-мэр Марс Исаев, жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аймактык шайлоо комиссиясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңеш шайлоосуна байланыштуу калаадагы коомдук-саясий кырдаалды туруктуу көзөмөлдөө, шайлоо тилкелериндеги даярдык, үгүт жараяны маалындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу тууралуу сөз жүрдү.

Баса, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жалпы жонунан 78 шайлоо тилкеси бар. Ал эми шайлоочулардын саны 154 миңди чапчыйт. Ушул тапта Ош шаары мэриясы тарабынан шайлоо өткөрүү үчүн тилкелерде бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Алдыда добуш берүүчү тилкелерди дезинфекциялоо иштери дагы жасалмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс