• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ТУРГУНДАРДЫН ЖЕКЕ МАСЕЛЕЛЕРИН УКТУ

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

ОШ. Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды бир-бирден кабыл алды.

Ошентип, Ош облусунун ар районунун тургундары материалдык жардам, жер тилке, жол маселелери менен Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов кайрылышты. Ошондуктан, Ош аймагынын жетекчиси жарандардын көйгөйлөрүн кылдат угуп, тиешелүү бөлүм башчыларына жеринде барып маселелерди чечүү жөнүндө тапшырмасын берди.

Белгилей кетчү жагдай: президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жуманын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дөн баштап жумушу аяктаганга дейре жеке маселелер менен кайрылган жарандарды бир бирден кабыл алат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс