• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

БУУ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАКЫРЛАР КӨБӨЙГӨНДҮГҮН МОЮНДАДЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

НЬЮ-ЙОРК. БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк Программасы менен өлкөнүн Статистика боюнча Улуттук комитети биргеликте жарыялаган изилдөөсүн жар салды. Отчетто COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан массалык экономикалык кризис Кыргызстанда жакырлардын жана жумушсуздардын санынын өсүшүн гана шарттагандыгын акыры моюндады.

Отчетто бсаса белгиленгендей, анан дагы салыштыруулар даана көрсөткөндөй, Кыргызстанда үй-бүлөлүк кирешенин төмөндөшү тамак-ашка болгон талапты дагы ого бетер азайтты. Муну менен кошо үй-бүлөлөрдө азык-түлүктү тандоодо дагы өзгөрүүгө алып келди. Башкача айтканда, жашылча-жемиш, эт сыяктуу витаминдерге абдан бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер өңдөнгөн калориясы өтө азыктарга аргасыздан басым жасап калышты.

Кризистен эптеп чыгуу максатында кыргызстандыктар тамак-ашына, ден соолугуна терс таасирин тийгизген жагдай менен ар кандай күрөшүү жолдорун гана колдонушууда. Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасы мындай жакырчылык мындан ары дагыле уланса, бул көрүнүштү өзгөртүү өтө кыйын болорун эскертти. Анткени, көпчүлүк үй-бүлөлөр оокаттарын сатып, акчасына азык-түлүк алып, башка чыгашаларды чукул кыскартышты. А түгүл гуманитардык жардам сурап кайрылып дагы жатышат. Мындай абалдагы үй-бүлөлөрдүн саны акыркы кезде 12 пайыздан 36 пайызга чейин өстү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс