• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Баткен облусун өнүктүрүү программасы ишке аша баштайт

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

БАТКЕН. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 2021-2035-жылдарга Баткен облусун өнүктүрүү Программасын жана «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча Баткен шаарында атайын жыйын өткөрдү.

Белгилей кетчү жагдай: буга дейрен Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү Программасын жүзөгө ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында ыкчам штабы, ошондой эле Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн жетекчилиги астында Баткен облусун өнүктүрүү боюнча Кеңеш дагы түзүлгөн.

Арзыбек Кожошев баса белгилегендей, Баткен облусун өнүктүрүү Программасын жүзөгө ашыруу Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат: — Белгилүү болгондой, Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгарылып, өзгөчө салыктык жана инвестициялык режим, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө режими жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жеңилдетилген режими каралган. Жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү Программасында социалдык-экономикалык мүнөздөгү түрдүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга өлкө бюджетинен 500 миллион сомдон кем эмес каражат каралат. Ушул тапта аталган облустун үч районуна долбоорду ишке ашырууга 10 миллион сом ажыратылып, долбоордук-сметалык документтер даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши негиздүү саналган беш принципке таянат: улуттар биримдиги, аймактык кол тийбестик, үй-бүлөлүк баалуулуктар, салыктарды төлөөдөн качуу мамлекеттик чыккынчылыкка барабар, тышкы жана ички инвесторлорду колдоого алуу жана коргоо.

Жыйында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев аткарылып жаткан иштерге кең-кесири  токтолду. Жыйындын жүрүшүндө ирригациялык долбоорлорду, унаа жолдорду куруу, этникалык кыргыздарды документтештирүү, чек арага жакын аймактардагы жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле облустун тургундарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелери дагы кенен-чонон талкууланды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс