• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

АКЫЙКАТЧЫНЫН ТАЖИКСТАНДА КАМАЛГАН  ЖАРАН БОЮНЧА КАТЫНА ЖООП КЕЛЕ ЭЛЕК

Автор:ruh_admin

Ноя 18, 2021

БАТКЕН. Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси Тажикстандагы абакта отурган Кыргыз жараны боюнча Тажикстан тарапка жолдогон катына жооп ала элек. Бул жөнүндө Кыргыз Акыйкатчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, расмий кат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жана Акыйкатчысына ушул жылдын 11-ноябрында эле жөнөтүлгөн.  Тилекке каршы, эмдигиче жооп жок. Анткени, Тажикстандын Жийделик айылында жашаган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиков (Саидакмат Артыков) эки ай мурда кармалган. Жакындары аны бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп, Кыргыз бийлигине кайрылган. Анткени, ал абакта кыйноого кабылып, ооруканага жатып чыкканына катуу кабатырланышкан. 44 жаштагы Саидакмат Артыков ушул жылдын 16-сентябрында “Чек арадан мыйзамсыз өттү” деген айып менен кармалып, Тажикстандын Ходжент шаарындагы тергөө абагына камалган.

Ушул жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында Саидакмат Артыковду токтоосуз бошотууну суранышып акцияга чыгышкандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолугушуп, бул маселени тийиштүү органдарга жеткирип, Кыргыз жарандарын чыгарууга көмөктөшөрүн катуу убадалаган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс