• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Жалал-Абадда жаңы бала бакча ачылды

Автор:ruh_admin

Ноя 17, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 120 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарындагы №27-«Шүдүрүм» аттуу балдар бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга тапшырылды.

Бул жаңыртылган имараттын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышышты. Үч кабаттан куралган бала бакчанын эки кабатын жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 миллион 150 миң сом акча каражаты сарпталды.

Белгилей кетчү жагдай: жыл башынан бери Жалал-Абад шаарында 6 бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс