• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

«Ош» аэропортунда авиакаттамдар жаңы графикке көчтү

Автор:ruh_admin

Ноя 17, 2021

ОШ. “Ош” эл аралык аэропорту күзгү-кышкы графикке өткөрүлдү. Мындан ары аба майданы учуп-конууларды жаңы график боюнча тейлей баштамакчы. Бул тартип 2022-жылдын 26-мартына чейин улантылат.

“Манас” Эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлашынча, ушул тапта Кыргызстандан Орусия, Казакстан жана Түркияга түз учуп барып-келүүгө болот. Каттамдарды жергиликтүү жана чет элдик авиакомпаниялар аткарышат.

Ал эми өлкөнүн ичинде кыргызстандык TEZ JET, Avia Trafic Company жана «Эйр Манас» компаниялары катташат. Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча аптасына TEZ JET 26 жолу, Avia Trafic Company 7 жолу, ал эми «Эйр Манас» 15 жолу учат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс