• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

КАРА-СУУДАГЫ АВТОЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ЖЕТИ АДАМ КАЗА ТАПТЫ

Автор:ruh_admin

Ноя 17, 2021

ОШ. Кара-Суудагы автожол кырсыгынан жети адам жеринде эле каза тапты. Мындан тышкары дагы тогузу түрдүү даражада жапа чегишти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош облусунун Кара-Суу районунда жайланышкан Бишкек-Ош автоунаа жолунун 661-чакырымында “КамАЗ”, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтарга таянсак, автокырсыктын кесепетинен жети жаран (3 эркек, 4 аял), жеринде каза табышты. Ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Дагы 3 жаш бала балдар ооруканасына жеткирилди. Ушул тапта булардын аты-жөнү дыкаат такташтырылууда.

Жеринде ӨКМдин Кара-Суу райондук башчысынын орун басары А.Мазарипов, ошондой эле ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Н.Шаматов жана дагы 3 куткаруучу тартылып, иштеп жатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөтү автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс