• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Баткенде транспорт министрлигинин кызматкерлери пара менен кармалышты

Автор:ruh_admin

Ноя 17, 2021

ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИНИН БАТКЕН АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАРМАЛЫШТЫ. БУЛАР КЫЗМАТЫНАН КЫЯНАТ ПАЙДАЛАНЫШКАН

БАТКЕН. Соңку сааттарда Транспорт министрлигине караштуу автоунаа, суу транспорту жана оор жүктөрдү көзөмөлдөө Агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бир катар жетекчилерин УКМКнын өкүлдөрү пара алып жаткан жеринде кармашты. Анткени, булар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

Маселен, «Көк-Талаа» ПТКсынын өкүлдөрү жеке баюу максатын көздөшүп, оор жүктөрдү көзөмөлдөө нормаларын одоно түрдө бузушуп, бул аркылуу мамлекетти орду толгус жоготууга дагы учуратышкан. Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө аталган ПТКнын айрым кызматкерлери айдоочулардан ырааттуу түрдө акча талап кылышып, а түгүл каражаттарды коркпостон эле топтошуп, андан ары өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына гана сарптап турушкан.

Ошентип, УКМКнын атайын кызматкерлери тарабынан атайын тергөө жараянын жүрүшүндө Транспорт министрлигине караштуу автоунаа, суу транспорту жана оор жүктөрдү көзөмөлдөө агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын жетекчиси З.С.А. жана Көк-Талаа» ПТКсынын башкы тескөөчүсү М.Э.Э. пара алып жатканда колго түшүрүлүп, экөө тең Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз,

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс